31-март күнү Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин 7-8-класстарынын окуучуларына 1-апрель Эл аралык канаттуулар күнүнө арналган иш-чара өттү.
Иш- чараны Нарын облусунун Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери лекция өтүп беришти.
Эң маанилүү экологиялык майрамдардын бири- Эл аралык канаттуулар күнүн дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө белгиленет. Бул экологиялык майрам канаттуулардын көйгөйлөрүнө арналган: аларга мыйзамсыз аңчылык кылуу, акырындык менен жок болуп кетүү жана айрым түрлөрүн жок кылуу. Канаттуулар бизге тааныш бардык экосистемалардын маанилүү катышуучулары болуп саналат, алардын жок болушу чыныгы табигый кырсыкка алып келиши мүмкүн.
Лекцияны Кочкор районунун биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн егери Ишенбек Жантемиров өттү. Иш-чаранын негизги максатты: окуучуларга жалпы тиричиликти анын ичинде Кочкор аймагындагы канаттууларды коргоого үйрөтүү.
Лекция учуру
Андан сырткары окуучулар менен талкуу жүргүзүү учурунда табиятка аяр мамиле кылуу, жаратылыш, экология жөнүндө кеңири маалымат алышты.
Биоресуртар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн егери Ишенбек Жантемиров талкуу жүргүзүү учуру
Лекция экосистемадагы глобалдык маанидеги биотүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер, токой, суу, өсүмдүктөр ресурстарын сактоо боюнча болду.
Канаттуулар күнүнө арналган иш-чарага катышкан 7-8-класстарынын окуучулары
Ошондуктан, канаттуулар күнүнө арналган бардык иш-чаралар канаттуулардын адам жашоосундагы маанисин эске салуу максатында уюштурулган.
Мадина Жокенова, Асема Молдошева, Канайым Мирланова, Нурсултан Турганбеков