Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында 3 күндөн бери катуу шамал болууда. Көчөдөгү электр мамычаларын кулатып, жол жээгиндеги бак-дарактарды сындырып, айрым үйлөрдүн чатырларын учуруп жатат.
https://www.youtube.com/shorts/itIH2wUCC1w
Аба-ырайы кескин өзгөрүп, 3 күндөн бери болуп жаткан катуу шамал айыл тургундарын кабатырлантууда. Сокулук райондук ОАО ЧуПЭС («НЕСК Сокулук энергиясы») Жаңы-Жер участкасынын электрик монтеру Султан Султанбаевдин билдирүүсү боюнча:
«Учурда катуу шамалдан улам Сокулук РЭСтин кызматы 4 бригада иш алып барууда. Азыр бир гана Жаңы-Жер айыл аймагы гана эмес Сокулук районуна караштуу Камышановка, Төмөнкү Чүй, Жаңы-Пахта айылдарында дагы иштөөгө туура келип жатат. Электр мамычалары жабыркап, зымдар үзүлүп, айыл тургундары жарыксыз калууда. Электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн күнү түнү иш үстүндөбүз. Бул биздин кызматтык милдетибиз»,- деп билдирди.
Турсун Омуралиева