Суусамыр айылдык ооруканасынын медицина кызматкерлери грамота менен сыйланды. Мындай сыйлыктар айыл аймактык аялдар комитети тарабынан тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык чөйрөсүн өнүктүрүүгө, илим билим жана жаш муундардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Токеева Дилдекан аялдар кеңеши ардак грамотасы менен сыйланды. Ал Суусамыр айылдык ооруканасында педиатр болуп эмгектенип келет. Дал ушундай ардак грамота менен Солтобаева Бактыгул дагы сыйланды.
Сыйлыктар тууралуу Суусамыр айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турдубекова мындай деди:
“Албетте аялдар комитетине ыраазычылык билдиргим келип турат. Ушинтип эмгегибизди баалап, сыйлап койгондоруна. Негизи медик десе эле бизди өтө каардуу анан коркунучтуу адам катары көрүшөт, бирок биз деле кадимки эле адамбыз да. Биздин дагы көңүлүбүз ооруйт. Андан тышкары ар бир адамга медицина кызматкери керек, себеп дегенде эң биринчи байлык ден соолук. Биздин бүгүн сыйлык алган дарыгер айымдарыбызды дагы куттуктайм, бул дагы болсо чоң сыймык.
Айтурган Кушкарбекова