Сокулук районунда Жаны-Жер айыл аймагында 4 күндөн бери күчтүү шамал болууда. Катуу шамалдан улам көптөгөн үйлөрдүн чатырлары учуп, электр мамычалары кулап, өрт кырсыктары дагы катталууда.
Бүгүн Жаңы-Жер айыл аймагында өрт кырсыгы катталды. Катуу шамалдан улам өчүрүүгө мүмкүн болбогон өрттөн айыл тургуну, Агабек Бабаев дагы жабыр тартты. Айыл тургундарынын айтуусу боюнча; Агабек Бабаевдин мал сарайынын чатырынан өрт чыгып, 3000 ден ашуун боо чөбү күйүп кетти. Ал эми сарайда 100дөн ашык бодо мал болгон. Өрт өчүрүүчүлөр жакынкы турак үйлөргө өрт жабылуусунан сактап түнү менен иш алып барууда.
Буга чейин катуу шамал тууралуу ӨКМдин маалыматында, шамалдын ылдамдыгы Чүй өрөөнүндө 24 м/с жетери айтылган. Айтылган эскертүүгө карап жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, РЭС тин кызматкерлери, Өрт өчүрүүчүлөр алдын алганы менен айыл ичинде кырсыктар катталбай койгон жок.
Турсун Омуралиева