Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен бир канча жылдан бери Кыргызстан боюнча ийгиликтүү ишке ашып келе жаткан «Илимдеги кыздар» долбоору Ат-Башы районунда башталат.
Долбоордун алкагында аталган район боюнча алты мектеп тандалып алынып, окуучуларды STEM багытында окутуулар башталат. Бул багытта так илимдерге басым жасалып, жаңы технологияларды үйрөнүүгө окуучулар тартылат. Долбоордун биринчи этабында 7-класстын окуучу кыздарынан теңдеш тренерлер тандалып алынып, аларды окутуу жүргүзүлөт.
Долбоорго катышып жаткан Ой-Терскен орто мектебинде тренерлерди тандоо туру болуп өттү. Маселен, долбоордун уюштуруучулары кыздар менен жолугуп, баарлашуу өткөрүп, кызыккан окуучуларга тапшырмалар берилди. Анда кыздар кыскача видео тартып, анкета толтурушат. Жыйынтыгында беш кыз тандалып алынып, тренерликке үйрөнүшөт.
Жолугушууда кыздар долбоор боюнча толук маалымат алышып, катышууга ынтызар экенин көрсөтүштү
Асел Үркүнбаева