Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Нуржамал Ибраимова ашпозчулук менен эки жылдан бери алектенип келет. Ал тойлорго, азык-түлүк дүкөндөргө буйрутма алып тамак-аш, салаттарды, токочтун түрлөрүн жасайт.
Жаш ишкер алгач көмөктөшүү максатында ишин баштаган болсо, азыркы учурда ал киреше табуунун максатын көздөгөн.
“Мен башында кошуналарыма, тааныштарыма жардам берип жүрдүм. Кийинчерээк бош убакытта тамак-аш, салаттарды, токочторду жасай баштадым. Аларды дүкөндөргө жана конок тоскондорго буйрутма менен жасап берип, кичине болсо да киреше таба баштадым.»
Нуржамал Ибраимова келечекте бизнес ачууну каалайт. Ал бул тармакта билимин өнүктүрүп, айылдагы жаш келиндерди жумуш менен камсыз кылууну пландап жатканын айтат:
«Мен азыр өзүм гана жасайм. Кээде буйрутма өтө көп болгондо жакын курбуларымды жардамга чакырам. Кийинчерээк бул тармакта бизнес ачкым келет. Себеби, айыл жергесинде мындай кызматтарды көрсөткөндөр жокко эсе. Ал эми айыл жергесинде аш-тойлор көп болот. Жаш келиндерди жумуш менен камсыз кыла алсам, бул менин чоң ийгиликтеримдин бири болоор эле.»
Айылда жумушсуздук көйгөйү күч алганы менен Нуржамал Ибраимовадай жеке ишкерлер жыл сайын көбөйүүдө.
Гулнара Кенжеш кызы