Нарын районуна караштуу Оттук айылына Америкадан ыктыярчылар келип, окуучуларга англис тилин үйрөтүп келишет. Бул жолу Тиффани Гипп үй- бүлөсү менен айылга келип, Табылды Тыналиевдин үйүндө жашап кетти. Анын төрт баласы бар. Алар Нарын шаарындагы Э. Ибраев атындагы орто мектепте билим алышат.
Тиффани Гипп үй- бүлөсү менен Кыргызстанда алты жылдан бери жашайт. Ал мектеп окуучулары менен иштеп, англис тилин үйрөтүүнү максат кылган.
«Мен 6 жыл мурун Кыргызстанга келгим келди. Менин максатым англис тилден сабак берүү. Окуучуларга англис тилин жакшы деңгээлде үйрөтүү. Бул жер аябай сонун, кайсы айылга барбайлы бардык адамдар келип тургула деп дайыма айтышат. Аябай сүйүнөм. Жаратылышы да абдан кооз, абасы таза».
Тиффанин балдары Нарын шаарындагы Э. Ибраев атындагы орто мектепте окушат. Кызы Джозефима кыргыз маданиятын аябай жакшы көрөт. Ал обондуу кыргыз ырларын аткарууну жана комузду черткенди билет.
Тиффани сыяктуу чет өлкөлүк ыктыярчылар айылдын мектептерине атайын келишимдин негизинде келип турушат. Алар менен иштөөдө окуучулардын да чет тилин үйрөнүүгө кызыкчылыктары артат дейт англис тили сабагынын мугалими Канымжамал Жуматаева:
«Биздин атайын Talking club группабыз бар. Ал жакта чет өлкөлүк ыктыярчылар менен байланышып турабыз. Группага тажрыйба алмашуу максатында олимпиадага даярданып жаткан окуучуларды да кошуп турабыз. Тиффанинин кыргызча аты Таттыбүбү. Аны кыргызча чакырсак абдан кубанат. Чет өлкөлүк ыктыярчылар менен иштөөдө окуучулар үчүн чет тилин үйрөнүүгө абдан жакшы өбөлгө түзүлөт.»
«Чет өлкөлүктөр менен болгон баарлашууда аябагандай толкундануулар болду. Бара жатканда аябай ойлонгом, кантип тил табышабыз деп, көзүм жеткен эмес. Бирок, бат эле тил табыштык Тиффани эже да кыргызча анча мынча сүйлөй алат экен. Чет тил сабагына болгон кызыгуум күчөдү. Ачык айрым, шайыр адамдар экен. Баарлашуу абдан кызыктуу өттү. Өзгөчө Тиффани эже сезимтал болгону абдан жакты. Мындан кийин чет тилин жакшы окуганга максат койдум. Чет өлкөлүк ыктыярчылар айылга, мектепке көп-көп келип турушун каалайм»,— дейт Айнази Мирбекова.
Айжан Турдубекова