Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дүйшөнкул Шопоков атындагы орто мектебинде 2023-жылы 16-май айындагы мектеп ичиндеги «Жарандык коргонуу» күнүн белгиленди.
Жарандык коргонуунун катышуучулары
Биринчи жардам көрсөтүү
Жарандык коргонуу күнүн белгилөө Сокулук райондук Билим Берүү бөлүмүнүн май айындагы айлык планынын негизинде жана Гавриловка айыл аймагынын 17-февралдын №31 буйругунун негизинде уюштурулду. Жарандык коргонуу күнүнө карата өтүлүүчү иш-чарага даярдык көрүлүп, план түзүлдү. Иш-чарага чейин да мектеп ичинде өзгөчө кырдаал учурунда кандай чараларды көрүү керек, кандай иш аракет кылуу керек деген суроолордун алкагында класстык тарбиялык сабактар, ачык класстык сааттар класс жетекчилердин жардамы менен өтүлдү.
Жарандык коргонуу күнүнө даярдалган топтор: Медициналык санитардык топ, өрт өчүрүүчүлөр тобу, куткаруучулар тобу, кабарландыруу тобу.
16-май күнү саат 08:30-09:15ке чейин 1-11-класстар арасында жаратылыштын, табигаттын кырсыктары баяндалган темаларды камтыган, бөлүнүп берилген темалары боюнча тарбиялык класстык сааттар өтүлдү. Мектепте кошумча сыртка чыгып кетүү эшиктери ачылып, тоскоолдуктар болгон жок. План боюнча 1-эвакуация “Жер титирөө коопсуздугу” боюнча саат 09:20да узакка созулган коңгуроо менен болду. Сыртка мектеп ичиндеги окуучу,мугалимдер, ашпозчу 1 минутада атайын белгиленген орундарга тизилип турушту. 1-класстын класс жетекчиси берген рапорту боюнча канча бала имараттан чыкпай калгандыгы тууралуу айтылганда, куткаруучу топторго билдирилип, тез жардам көргөзүүгө куткаруучу топ мектептин ичине кирип башталгыч класстардын 2-3-класстын окуучуларын партанын алдында жана класстын бурчунда калган окуучуларды алып чыгышты.
“Өрт коопсуздугу” боюнча 2 эвакуация өтүлдү. Окуучулардын баардыгы маскалар менен түтүндөн сактанып ылдый болгон абалда, чуркап чыгышты. Ар бир мугалим колдоруна класстык журналдарды ала чыгышып, окуучулардын саны боюнча рапортторун беришти. Мектептин ичиндеги өрттү өчүрүү иши жүргүзүлдү. Андан кийин куткаруучу топтор имаратта бекитилген жарылуучу заттарды таап, акырындык менен коркунучсуз абалда жайгаштырышты. Окуучулар Жарандык коргонуу боюнча иш-чарага активдүү катышып, иштерге абдан жогорку деңгээлде даярданышып, көргөзүп беришти.
Андан соң план боюнча химия, биология мугалими Суракан Шергазиева тарабынан уюштурулуп, даярдалган санитардык медициналык топ биринчи жардамды кандай көргөзүү керектиги жөнүндө 8-класстын окуучулары менен эң жогорку деңгээлде көргөзмөлүү, кызыктуу көргөзүп, маалымат беришти. Маалыматта сөөк сынганда жана жаракат алганда, адамдын териси күйгөндө, үшүк алганда, кан тамырларга зыян келгенде, күнгө күйгөндө, сууга чөккөндө, жылан чакканда жана башка ушул сыяктуу абалда биринчи жардам көрсөтүү боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.
Мектептен алыстыктагы талаага барууга окуучуларды иретке салуучу исан (регулировщик) 1 – 7 – класстын окуучуларын жолдон өткөзүп, жол эрежелери менен тааныштырып, түшүндүрүү ишин жүргүздү. Ал жерден өрттү өчүрүү туралуу да кыскача сабак өтүлүп, маалымат берилди.
Кайрадан окуучулар мектепке келишип, тизилип класстык сааттар, ачык класстык сааттар жыйынтыкталды. Саат 11:00до “Жарандык коргонуу” күнүнө арналаган иш-чаралар толугу менен аткарылып, сабак аяктады.
Чынара Суюмбекова
Айдай Джолчубекова