Куланак айылында жайгашкан «Куланак» жамааттык медиа борборунун ыктыярчылары үн жаздыруу ыкмаларын үйрөнүштү. Аталган жамааттык медианын ыктыярчы окуучулары сабактан тышкары бош убактыларын жамааттык медианын өнүгүшүнө салым кошуп келишет.
Кышкы эс алуудан кийин диктофон аркылуу үн жаздырганды үйрөнүп жатабыз. Мага абдан кызыктуу болуп жатат. Себеби, сабактардан бул нерсени үйрөтүшпөйт. Өзүбүздүн үндөрдү жаздырып, кайра аны монтаждоону үйрөнүп жатабыз. Бул нерселер бизге аудио жаңылыктарды даярдоодо керек болот», — дейт Куланак жамааттык медиа борборунун ыктыярчысы Ырыскелди Кенжекулов.
Үн жаздыруу боюнча сабак Куланак жамааттык медиа борборунун кабарчылары үчүн өткөрүлүп жатат. Кабарчылардын бири Саламат Уланбекова мындай сабактарда чакан топ менен иштеген көнүгүүлөргө абдан кызыгат. Себеби, классташтардан сырткары мектептин жогорку класстагы башка окуучулар менен дагы окушат.
Мен мектептеги информатика сабагынан болуучу кружокко катышам. Бир күнү жамааттык медианын кабарчылары үчүн дагы кошумча кружоктор уюштурулуп тураарын билдим. Абдан кызыктым, эжеден катышууга уруксат алып, катышып баштадым. Катышканыма аз гана убакыт болсо дагы абдан жакты. Жаңылык жазуу, ойуңду кенен айтуу боюнча үйрөнөт экенсиң», — дейт 6 класстын окуучусу Азаматов Кутман
Амина Русланова