Төлөк айылынын жаштары атайын чогулуш өткөрүп, «Төлөк биримдиги» аталышындагы коомдук фонд түзүштү. Фондго айылдын жаштары өз ыктыяры менен мүчө болушту. Уюмдун негизги максаты элге материалдык жардам көрсөтүү. Айылдагы малы бар адамдар фонддун ишин баштоо үчүн мал жандыктарын беришти. Жыйынтыгында фондго бир нече мал чогулган, аны айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам катары берилет.
Бир ай ичинде фондго 32 баш эчки чогулган. Андан сырткары фонддо азыркы учурда 2 ат, 1 бука жана акча каражаты сакталып турат. Аттарды жайында сугат иштерине пайдаланышат. Ал эми айылдагы 6 үй-бүлөгө ар бирине бештен эчки берилди. Ал эчкилерди кышы менен төлдөтүп, күзүндө төлүн алып калып, накталай алган башын кайра фондго кайтарып берет. Фондду жаштар көзөмөлгө алышып, таратылган малды комиссия аркылуу берип турушат.
Жасмина Мырзабекова