Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында 60ка чукул үй-бүлө социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлө деп каттоодо турушат. Аларга айрым убактарда мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп турат. Кышка карата таратылган көмүр ошол 60 үй-бүлөгө 500кг дан таратылып берилди. Аны араб өлкөсүнөн келген адамдар жардам катары беришкен. Бул көмүрлөр Сары-Булак айыл аймагына түшүрүлүп, жергиликтүү калктын жардамы менен ээлерине жеткирилди.
Жасмина Мырзабекова