Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында жаңы ачылган «Датка» кенже бий тобу алгачкы чоң сынагына камынууда. 10 таланттуу кыздан турган топ жакынкы күндөрү Ысык-Көлдө өтө турган сынакка катышып, айыл намысын коргомокчу.

Төлөк айылында таланттуу кыздардан түзүлгөн «Датка» аттуу кенже бий тобу ачылды. Айылдагы маданий жашоону жандандырууну максат кылган бул топко учурда 10 кыз мүчө болуп, үзгүлтүксүз машыгуу өткөрүп жатышат. Жаңы түзүлгөн «Датка» бий тобунун курамы негизинен мектеп окуучуларынан турат. Алар улуттук жана заманбап бийлерди айкалыштырып, сахна маданиятын, кыймыл тактыгын жана топтук биримдикти өздөштүрүүдө. Жаш бийчилер үчүн бул жөн гана өнөр эмес, тартипке, жоопкерчиликке жана өзүнө болгон ишенимге үйрөткөн чоң мектеп болуп жатат.
Учурда «Датка» тобу жакынкы күндөрү Ысык-Көл облусунда өтө турган сынакка кызуу даярдык көрүүдө. Кыздар атайын программа даярдап, ар бир кыймылды так аткарууга, образды туура жеткирүүгө аракеттенишүүдө. Сынакта алар улуттук колоритти чагылдырган бий композициясын тартуулай турганы белгилүү болду. Топтун жетекчиси Салтанат Абласованын айтымында: «Кыска убакыт аралыгында эле кыздардын өнөргө болгон кызыгуусу жана эмгекчилдиги байкалууда. Айыл жергесинде таланттуу балдар көп. Аларга туура багыт жана мүмкүнчүлүк берилсе, чоң ийгиликтерди жарата алышат», — дейт ал.

Ата-энелер да кыздардын демилгесин колдоп, моралдык жана материалдык жактан жардам көрсөтүп келишет. Бул колдоо жаш бийчилердин шыктануусун арттырып, максатка умтулуусуна дем берүүдө. Айыл тургундары «Датка» кенже бий тобунун келечегине ишеним артып, Ысык-Көлдөгү сынактан ийгиликтүү кайтып келишине тилектеш. Жаш таланттар үчүн бул сынак чоң тажрыйба топтоого жана жаңы бийиктиктерге жол ачууга мүмкүнчүлүк берет.

Даярдаган: Мадина Жумакадырова