Бүгүн, 11-февралда, Токтогул шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектебинде, мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын райондук этабы башталды. Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземине Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К. Аттокуров, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери жана мугалимдер катышты.

«Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземине акимдин орун басары К.Аттокуров катышып, жалпы катышуучуларды куттуктап, окуучуларга ийгилик жана жеңиш каалады. Ал өз сөзүндө билимдүү, изденген жаштар өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, олимпиада окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууда жана таланттуу жаштарды аныктоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи».

Быйылкы райондук олимпиадага жалпы 851 окуучу катышууда. Алар ар түрдүү окуу предметтери боюнча өз билимдерин сынап, мыктылар облустук баскычка жолдомо алышат.
Олимпиада эки күнгө созулуп, белгиленген тартипте жана талаптарга ылайык өткөрүлөт. Бул иш-чара жыл сайын салтка айланып, таланттуу окуучуларды аныктоодо жана аларды тереңдетилген билим алууга шыктандырууда маанилүү роль ойноп келет.


Даярдаган: Азема Кудуева