Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Азия өнүктүрүү банкынын долбоору боюнча мектепке STEM (илим, технология, инженерия, математика)
Бул заманбап жабдуулар окуучулардын сабакка кызыгуусун арттырып, технологиялык сабаттуулугун өнүктүрүүгө жардам берет.

География сабагына келген приборлор
“Мектептик билим берүү реформалоо» деген G-11 келишимине ылайык, мектепке берилген лабораториялык жабдууларды Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин STEM(илим, технология, инженерия жана математика) сабактарында колдонуп, окуучулар үчүн абдан жеңил, кызыктуу жана ынгайлуу шарт түзүлгөнүн химия, биология мугалими Рида Кайдылдаева айтып берди:

Рида Кайдылдаева Капар Кыдыралиев атындагы химия жана биология сабактарынын мугалими
«Бизге келген лабораториялык жабдуулар менен иштей баштадык, өзгөчө биология сабагынан санарип микроскоптун артыкчылыгы бул интерактивдүү панельге кошуп көп балага көрсөтүп, флешкага көчүрүп алып изилдөө иштерин жүргүзсө болот. Андан тышкары биологиядан даяр 80 туруктуу препараттар келди ( гистология, ботаника, биология) боюнча.Балдар абдан кызыгып көрүп иштеп жатышат.»

11″А» классынын окуучулары биология сабагында микроскоп менен иш аткарууда
Ал эми физика сабагынан берген мугалим Кайрат Ниязалиев сабак учурунда окуучулар менен электр энергиясын кантип туура туташтыруу боюнча келген приборлор менен сабак өтүүдө артыкчылыктары менен тааныштырып кетти:

Физика жана астрономия сабагынын мугалими Кайрат Ниязалиев сабак учурунда
» Сабак учурунда окуучулар теориялык маалымат менен гана чектелбестен, практикалык иштерди өз колдору менен аткарууга мүмкүнчүлүк алышты. Ар түрдүү приборлор, моделдер жана эксперементталдык жабдуулар аркылуу теманы терең өздөштүрүштү. Натыйжада, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу артты, суроо-жоопко активдүү катышып, изилдөө жүргүзүүгө умтулушту.

8 «А» классынын окуучулары практикалык иш учурунда
Андан тышкары география сабагынан көптөгөн приборлор, астрономия сабагынан жылдыз картасы жана башка көптөгөн жабдуулар келди деп маалымдады.
Мындай заманбап жабдуулар менен өтүлгөн сабактар билим сапатын жогорулатууга, окуучуларды келечектеги кесипке багыттоого жана технологиялык сабаттуулукту арттырууга чоң жардам берет.
Даярдагандар: Канайым Мирланова, Тахмина Абдилбек кызы