Кочкор районуна караштуу Төлөк айылына чоң жолдун боюна айлана-чөйрөгө туура кам көрүү багытындагы баннерлер орнотулду. Баннерлерди орнотуу иши жергиликтүү айыл өкмөтү тарабынан каржыланды.
Баннерлер айылдагы жолдун боюндагы атайын орундуктары бар эки жерге коюлду. Анын узундугу 2 метр, туурасы бир жарым метр. Бул баннерлерди илүүнүн максаты — айылдагы тазалыкты сактоого, экологияны коргоого чакыруу. Бул баннерлер 4 айда бир алмашылып турат, алмаштырууга кеткен чыгымды өкмөт дайыма каржылап турат. Баннерлерди убагында алмаштырып туруу жага жана көзөмөлгө алуу жагы айыл башчыга милдеттендирилген.
Жасмина Мырзабекова