Чүй облусунун Сокулук районундагы №43-кесиптик лицейдин окуучулары үчүн, Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБ бөлүмүнүн ЖКК батальонунун 4-взводунун кенже инспектору, милициянын старшинасы Жыргалбек Жээнбаев тарабынан №43 лицейдеги жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жолдогу унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатындам түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү.
Жаңы-Жер айылындагы Б.С.Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейдин окуучулары менен биргеликте жолдо жүрүү коопсуздугун сактоо боюнча маектери курулуп, аларга жол кыймылынын эрежелери түшүндүрүлдү.
Айылдын аймагында жайгашкан №43-кесиптик лицейде окуган студенттердин дээрлик көпчүлүгү өлкөбүздүн алыскы аймактарынан келип окуган окуучулар. Алар лицейдин жатаканасында жашап окушат. Ата-энесинен алыстап келип, кесиптик билим алып жаткан окуучулардын коопсуздугу окуу жайдын жетекчилиги менен мугалим-устаттарды ойлондурбай койбойт. Окуу тарбия иштеринин уюштуруусунда ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иш-чаралары байма-бай өткөрүлүп турат.
Келечектин жаш адистери өз ойлорун тартынбай айтып, жол эрежелеринен сырткары айдоочулар үчүн кандай мыйзамдар каралганын, ал эми жол эрежелерин бузган айдоочуларга кандай чаралар көрүлөөрүн сурап алышты. Аталган жол кырсыгын алдын алуу жана болтурбоо максатында, лицейдин окуучуларына жол белгилерин, жол чийиндерине көңүл бурууга, айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдабоого, кырсыктын айынан кылмышкер болуп калбоо үчүн бири бирине сунуштарын айтып талкуулашты.
Турсун Омуралиева