Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында аксакалдар сотунун төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо болуп өттү.
Жыйында аксакалдар сотунун төрагасы, орун басары жана катчысы шайланды. Шайлоо айыл өкмөтүнүн башчысы жана аксакалдардын катышуусунда өттү. Жыйынтыгында Бурканбаев Үсөн төрага, орун басары Субанбек Рыспаев, ал эми Нурзат Райымбекова катчы болуп шайланды.
Бурканбаев Үсөн Оросканович — эл агартуунун отличниги, буга чейин Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин мүдүрү болуп эмгектенген.
Айтурган Кушкарбекова