Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев 32 жаштагы Кудаш кызы Бүбүсайранын ишкердүүлүгү менен таанышып, көйгөйлөрүн укту.
Ишкер жер бөлүп берүү жана сатууга көмөктөшүүнү суранган. Район акими ишкерлерди колдоо максатында атайын имарат бөлүп берүү үчүн имарат каралганын айтып, тургундарды, социалдык мекемелерде жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо көрсөтүп көмөктөшүүгө чакырды.
Ишкер эки жылдан бери үй шартында «Тамчы» аталышындагы самын чыгаруучу чакан цех ачкан. Анда самын, идиш, кол жуучу жана унаалар үчүн суукта тоңбоочу суюктук каражаттарын чыгарууда. Анын кичи цехи өзү жашаган Тогуз-Торо районунун Арал айылындагы үйүнүн тар сарайында жайгашкан.
Ал сезон маалында күнүнө 300дөй самын чыгарып, айылдаштарына, дүкөндөргө сатат. 3 кыз келиндерди жумуш менен камсыздап келет.
Анара Мааметова