Мектепти бүтүрүп, чоң турмушка кадам коюп жаткан жаштардын көпчүлүгү кесип тандоого келгенде кайсы окууга барып, кандай кесип алууну билбей калат. Аз сандагы гана жаштар мектеп курагында эле алдына максат коюп, белгилүү бир кесипти тандап алышат.
Бермет Карыбаева Жети-Ѳгүз районуна караштуу Барскоон айылындагы №55 Кесипттик лицейдин маалымат технологиялык каражаттарынын адиси бѳлүмүндѳ билим алып жатат.
Берметтин айтымына караганда ал келечекте мыкты IT-тармагындагы адис болуу. Анын башкы максаты – өлкөдөгү ар кандай вебсайтарды иштеп чыгуу, веб тиркемелерди түзүү менен бирге мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.
«Алгач мектепти аяктаган соң кайсы кесиптин ээси болуу мен үчүн маанилүү деген ой бир топ кыжалат кылды. Үй-бүлѳ менен кеңешкен учурда ата-энем, эжелерим дарыгер болууну кѳп сунушташты. Себеби үй-бүлѳмдѳн эки эжем жана чоң атам дарыгер болуп эмгектенишет. Ошол себептерден улам үй-бүлѳм дарыгер болуумду каалашты. Бирок менин дарыгер болууга эч кандай кѳңүлүм жок экенин билдирдим. Ѳзүмдүн кыялымда IT- тармагында кесипти аркалагым келген. Себеби замандын талабына ылайык бардыгы компьютердик система болуп жатпайбы. Ошондуктан мен келечекте мыкты адис болуп мамлекетибизге пайда алып келе турган тиркемелерди ойлоп таап Кыргызстанга кызмат кылсам деген тилегим бар. Ушуну менен эле токтоп калбастан дагы да болсо билимимди тереңдетип чоң маалыматтарды иштетүү жана анализдѳѳнү үйрѳнсѳм деп жатам».
Ата-эне балдарынын кесип тандоосуна таасир этип, алар үчүн чечип койгон учурлар көп кездешет. Бул абал ата-энелер балдарынын өз алдынча чечим чыгара албастыгын жана жашоону жакшы түшүнө элек деп ойлогондон келип чыгат.
Азыркы учурда бардыгы техника менен байланыштуу болгондуктан, жаштар эмгек акысы жогору болгон кесиптерди кѳп тандап келишет.
Жети-Ѳгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Кабылбек Баялиев, балдарды ѳзү каалаган адистикке окутуу маанилүү. Себеби тандаган кесиби алардын келечегине жол ачып берет:
«Ар бир кесип ардактуу болот да. Негизинен баланын кесип тандоосуна чек койбош керек деп ойлойм. Себеби бир кесипти кыйнап окутуп койсоң аягы эмне менен бүтѳт белгисиз. Балким ал кесипти аркалап иштебей да коюушу мүмкүн. Ошондуктан бала кичинесинен эмнеге шыктуу ошону эске алуу менен кошо каалаган окуусуна окутуу маанилүү. Ата-эне ѳз ой-пикирин таңуулабаш керек. бала ѳз тандаган кесибин ийгиликтүү окуп бүтүрсѳ, ишке кирип иштей баштаса сүйгѳн кесибин жогорку деңгээлде алып барат деп ишенем. Болгону багыт берип же тандоосуна жардам берүү маанилүү деп эсептейм. Биздин кызга башында дарыгер болуусун сунуштаганыбызда ал дарыгер эмес Айти тармагында билим алгысы келип жатканын билдирди. Үйдѳгүлѳр сүйлѳшүп андан соң чечим чыгарып, азыркы учурда ѳзү сүйгѳн кесибинде билим алып жатат».
Ар бир адам кичине курактан баштап эле келечекте ким болорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданат. Башында жалаң гана кыял катары эсептелген кесип тандоо, убакыт өткөн сайын чындыкка жакын негиздерге таянат. Башкача айтканда, түрдүү кесиптер жөнүндөгү көз карашы кеңейет, окуп үйрөнөт, кенири маалыматка ээ болот. Бирок, жаштардын көбү өмүр бою бир боло турган кесибин тандоодо тобокелге салышат, ата-энесинин же тууган тааныш досторунун пикиринен көз каранды болуп калышат. Адам өзүнө жаккан жумушту жасаганда, бактылуу да, ийгиликтүү да болот. Ошондуктан, алгач бүтүрүүчү «мен эмнеге кызыгам? келечекте кандай жашоону каалайм? кандай максат, пландарым бар?» деген суроолорго жооп издесе,- бул туура кесип тандоого мүмкүнчүлүк түзөт,- деген пикири менен гендер боюнча адис Мырзаш Шабданбекова бѳлүштү:
«Негизи адам баласы болгондон кийин кыялданып жашайт. Биз үйдѳ балдар менен пикирлеш болуу, балдарды уга билүү жана бир деңгээлде баарлашуу үй-бүлѳдѳ канчалык деңгээлде уюуштурулган. Ушул жагын эске алуу үй-бүлѳ үчүн абдан маанилүү. Кесип тандоодо адатка айланып калган «Чоңойгондо ким болосуң»,- деген суроону берип келебиз. Бирок, эч убакта эмне жѳнүндѳ кыялданасың деген суроону бербейбиз. Эгерде чоңдор ушундай суроону бергенди үйрѳнсѳк, анын маанисин тереңирээк түшүнѳ алсак анда биз балдарыбыздын ой жүгүртүүсүн, дүйнѳ таанымын кеңейткенине дагы, ошол кыялдарынын орундалышына, ынынганына да түрткү бере алабыз деп ойлойм».
Кесип тандоо ар бир адамдын жашоосундагы маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам. Ѳз кесибин туура эмес тандаган адамдар турмуштагы ордун табууда жана кесиптик ѳсүүдѳ да кыйналышат. Келечектеги адистигин тандап жатканда жынысына карбай кызыгуусун, жөндөмдөрүн эске алып чачим чыгарган туура.
Гүлкайыр Осмоналиева