Технологиянын өнүгүү доорунда илим, техника, инженерия жана математика (STEM) тармактарында билим алуу зарылдыгы күчөдү. Эл аралык кыздар күнүнө карата “Келечек кыздардын көзү менен” иш-чарасы уюштурулду. Анын максаты жаш муундарды жана алардын ата-энелерин STEM тармагында өнүгүүсүн колдоо жана шыктандыруу.
Аталган иш-чараны КБ “Балдарды коргоо борбору” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинине караштуу “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси уюштурган. Ага 6 мектептин өспүрүмдөрү жана алардын ата-энелери чакырылган.
Иш-чаранын программасында өз тармагында мыкты болгон адистер тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле тең мүмкүнчүлүктөр жөнүндө өспүрүм кыздардын билимин арттырат. Башкача айтканда окуучулар алган билимдерин башкалар менен бөлүшкөндү үйрөнүшөт. Мындай катышуучулардын бири Таш-Дөбө айылынын Б. Бейшеналиева атындагы мектеп окуучусу Раяна Жеенбекова. Ал иш-чара пайдалуу болгонун билдирди:
“Илимдеги кыздар” долбоорунун тренери болгонума кубанычтамын. Кесип тандоодо мага пайдалуу көптөгөн жаңы жана актуалдуу маалыматтарды үйрөнөм”.
Иш-чарада коноктор шыктандыруучу жана билим берүүчү лекцияларга, «Жаңы кесиптердин атласы» интерактивдүү оюнуна катыша алышты. Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземинде “Инновациялык борбор” мекемесинин директордун орун басары Чингиз Жантаев буларды айтты:
«Кыздар – бул келечек гана эмес, алар – бүгүнкүбүз, биздин милдетибиз – аларга күчтүү жана көз карандысыз инсандар катары өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек».
Бул иш-чара “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында уюштурулган. ЮНИСЕФ кыздар илим, техника, инженерия жана математика (STEM) тармактарында ийгиликке жете алышы үчүн алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган “Илимдеги кыздар” программасын ишке киргизген.
ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасы “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду, “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси, “Энактас Кыргызстан” коомдук фонду жана Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Инновациялык колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.
Айгерим Кубатбекова