Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу, Кырк-Казык айылынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында, учурда айыл тургундарынын жардамы менен таза суу чыгаруу иштери жүрүп жатат. Бул долбоордун сметалык баасы 365500сомду түзүп, каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Азыркы убакта оорулардын түрлөрү көбөйүүдө, алардын бири бөйрөк оорусу гемодиализ. Бул оору таза суунун жоктугунан келип чыгат. Маселени чечүүнүн бирден бир жолу таза суу тартылып ар бир үйгө киргизилип айылдын жашоочуларына шарттар түзүлөт. Уузундугу 1800 метр, тереңдиги 1,20 метр казылып таза суу түтүкчөсү жаткырылып көмүлүүдө. Башталышындагы суу сактагыч узун туурасы 8 -3метрди түзөт.
Белгилей кетсек, аталган айылда 52 кожолук, 375 калк жашайт. Ошондой эле айылдагы социалдык обьектилер мектеп, ФАП таза суу менен камсыз болот.
Долбоор БУУ ДАТПнын колдоосуна алынып аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында 17 киши убактылуу жумуш менен камсыз болушту. Иштеген 17 кишинин ар бирине 150 доллардан акча каражаты төлөнүп берилет.БУУнун Азык түлүк программасы аркылуу жумушчуларга ун,май берилип жергиликтүү бюджеттен 195 миң сом бөлүнүп берилип, керектелүүчү материалдар жана полиэтилен түтүгү толугу менен алынып берилди.
Даярдаган: Азема Сабырбекова.