Долбоордун негизги максаты — өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган жарандардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, электрондук мамлекеттик кызматтарга жетүү жана «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталынын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.
Долбоор санариптик ресурстарды, мисалы, булут санарип кол тамгаларды алуу жана эң керектүү маалымкаттар менен мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта алуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдалануу үчүн зарыл болгон санариптик сабаттуулук көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Бул жарандардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна, санариптик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана маалыматка жетүү укуктарын кеңейтүүгө шарт түзөт.
Долбоордун алкагында «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталын колдонууну үйрөткөн видео сабактар иштелип чыгып, жарыяланды. Бул материалдар төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: видео сабактар.
Андан тышкары, иштелип чыккан материалдар «Санарип Инсан» долбоорунун алкагында түзүлгөн «Мобилдик Интернетти колдонуу көндүмдөрүн үйрөтүү» китебине киргизилди. Бул колдонмо электрондук форматта жеткиликтүү, ал эми басылган версиясы жакын арада алыскы аймактардагы китепканаларга, жарандык билим берүү борборлоруна жана айыл өкмөттөрүнө таратылат.
Долбоордун пландарында ар кайсы аймактарда жергиликтүү лидерлерине жана активисттерге багытталган тренерлер үчүн тренингдерди (ToT) өткөрүү каралган. Кийинчерээк бул тренерлер алган билимдери жана көндүмдөрү менен өз аймактарындагы башка тургундар менен бөлүшө алышат.
Долбоордун алкагында тренерлер үчүн тренингдерден (ToT) тышкары, электрондук мамлекеттик кызматтарды колдонуусу аз колдонгон, алыскы айыл жерлердеги жарандар үчүн да окутуулар өткөрүлөт жана алыскы райондорго өзгөчө көңүл бурулат, бул санариптик мүмкүнчүлүктөргө жана ресурстарга бирдей жетүүнү камсыздоого шарт түзөт.
Долбоорду Internet Society Foundation фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.