Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында иштелип чыккан “Түндүк” электрондук порталы ишке кирип, эми жарандар бул система аркылуу тейленет. Аталган электрондук системада кандай кызматтар көрсөтүлөт, системага кирүү үчүн эмнелерди кылуу керек деген сыяктуу суроолор менен Тогуз-Торо районунун Сары-Булун айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Бурулсун Эрмекова жооп берди.
Түндүк порталынын ишке берилгенине канча болду?
— Түндүк системасы 2018-жылдан бери азыркы учурга чейин толугу менен ишке ашырып келе жатат.
Түндүк системасынын артыкчылыгы кандай?
— Биринчиден ачык-айкындуулук болуп эсептелинет. Бул система аркылуу маалымат өтүүдө маалыматтардын аныктыгы, ишенимдүүлүгү, бүтүндүгү, жеткиликтүүлүгү камсыздалат. Жана ошондой эле купуялуулук дагы каралат. Жарандардын өздүгү тууралуу маалым каттарды эч ким ала албайт, өзү гана алып, колдоно алат.
Порталдын максаты кандай?
— «Түндүк» долбоорунун максаты, мамлекеттик органдарда башкаруунун натыйжалуулугунун жогорулатуу, коррупцияны олуттуу түрдө азайтуу жана автоматташтыруу, жарандардын жана ишкерлердин бюрократиялык тоскоолдуктарын азайтуу жана ишенимдүү маалыматтарды алууну, мамлекеттик кызматтарды сапаттуу жана ыкчам алууну камсыз кылуу.
Порталдын жардамы менен жарандар кандай кызматтарды ала алышат?
— Төмөнкүдөй маалым каттарды алууга болот:
Система негизи бөлүк-бөлүккө бөлүнгөн. Ошолордун бирөөсүн мисал келтире турган болсок, бөлүм аркылуу кирип, ден-соолугу тууралуу маалым каттарды ден-соолук бөлүгүнө кирип, эмгекке жарамсыздык барагын алгандыгы, лабораторияга тапшырган анализдери, психикалык, наркологиялык каттоодо тургандыгы же турбагандыгы жөнүндө маалыматтарды алса болот.
Катталуу үчүн эмне кылуу керек?
— Катталуу учун айыл өкмөткө өздүгүн тактаган документти алып, келиши керек. Ошол катталуу учурунда купуя сөз берилет, ошол аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Эгер купуя сөздү унутуп калса кайра кирүүгө мүмкүндүк ала алабы?
— Ооба ала алат. Кайра эле порталга кирип, купуя сөзүмдү унуттум деп, өзү эле алмаштырып алса болот.
Адинай Дайырбек кызы