Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагында 16-сентябрь күнү жалпы ишембилик өткөрүлдү. Бул күнү өлкө боюнча ишембилик өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, райондун аймагында массалык ишембилик уюштурулду.
Бүгүнкү ишембиликке Жаңы-Жер айылындагы кесиптик лицей, мектеп, оорукана сыяктуу мекеме кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын жамааттары жана жергиликтүү тургундар чыгышты.
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин мугалимдери окуучулар менен бирге ишембиликте
Кесиптик лицейдин айланасындагы куураган чөптөрдү тазалоо учурунда
Ишембиликтин алкагында, Жаңы-Жер айылы аймактык мекеме ишканалардын айлана чөйрөлөрү, автоунаа жолдордун жээктери таштандылардан арылды.
Турсун Омуралиева