«Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору Кыргызстандын бардык облустарында 2018-жылдан тартып ишке ашырылууда, ал эми долбоор 2024-жылдын июнь айында аяктайт. Анын негизги багыты — кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү жана каржылоо. Долбоордун алкагында сүт, эт, жүн жана бал боюнча мал чарба продукциясын жакшыртуу жана өнүктүрүү. Бул долбоордун алкагында Нарын районун Орто-Нура айылынын тургуну Урматбек Акунов алгылыктуу иш алып барууда.
Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (ИФАД) каржылаган «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору сүт өндүрүү боюнча фермерлердин аракеттерин бириктирүү максатында Нарын районунда «Бектемир Ата» кооперативин түзүүгө көмөк көрсөткөн. Буга чейин кооперативдин мүчөлөрү уйларды багып, сүттү өз алдынча сатып келишкен.
«Бектемир Ата» кооперативи 2022 -жылы уюшулуп, юридикалык каттоодон өткөн. Анын 13 мүчөсү бар, анын төртөө аялдар, тогузу эркектер. Учурда бул мүчөлөр биргелешип иш алып барышат. Бирикме «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорунун конкурстук программасына катышып, 75 миң АКШ доллары өлчөмүндө гранттык жардам алган. Кооперативдин бизнес-планынын бюджетинин кеминде 20% өлчөмүндө өзүн-өзү каржылоо милдеттүү шарт болгон. «Бектемир Ата» өзүнүн өнүгүүсүнө 18,8 миң АКШ долларын жумшаган. Долбоорду БУУнун Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду каржылаган.
Сүттү туруктуу сатуу үчүн кооператив кошумча нарк чынжырчасынын жетектөөчү ишкана болгон ЖЧК «Ат-Башы Сүт» кайра иштетүүчү ишканасы менен келишим түзгөн. Башкача айтканда, өндүрүлгөн сүт Ат-Башы районундагы сүт заводуна жеткирилип турат. Ал эми саанчылык кызматты аркалаган Касиет Карлисова бул коорперативдин мүчөсү. Ал сүт өндүрүү боюнча атайын окуудан өтүп келип, өз ишин так аткарып келет. «Уйларды атайын аппараттын жардамы менен саайбыз, ага көп деле күч кетпейт. Саанчылар үчүн баардык шарты бар. Окуудан сүт өндүрүү, аны сактоо, таза кармоо боюнча үйрөнүп келгенбиз, ошонун негизинде иш алып барып жатабыз. Айлыгым да туруктуу, жетишээрлик», — дейт.
Мындан тышкары, «Бектемир Ата» гранттык колдоонун эсебинен эң чоң сумманы 100 баш малга ылайыкталган сарайдын ремонтуна жумшаган. Бул сарайдын жылуулугу, бөлмөлөрдүн бөлүнүшү, тоюттандыруу бөлмөсү, алардын өсүп жетилүүсү жана башка шарттар талапка жооп берет. Анткени сүт багытындагы уйлар башка жактан алып келингендиктен, алардын адаптацияланышы өтө татаал.
Аймактардагы фермерлердин негизги көйгөйү — сүттүн рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгү, башкача айтканда, чийки затты сатуудан түшкөн киреше тоют сатып алууга кеткен чыгымдарынан аз. Буга байланыштуу кооператив тоютту өз алдынча өндүрүүгө негизги басым жасап, долбоордун гранттык каражаттарына жер иштетүү, тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана кайра иштетүү үчүн ар кандай айыл чарба техникаларын сатып алган, ал техникаларды иштетүү, абалын кароо милдети коорперативдин мүчөсү жана коорперативдин техник-кызматкери Самат Бектемир уулунун жоопкерчилигинде.
«Техникалык каражаттар жазында «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору аркылуу алынып келинген. Буга чейин коорперативде техникалар жетишсиз жана эски болчу. Ал техникалар менен айыл тургундарынын дыйканчылык ишин толук аткара алчу эмеспиз. Эми бул техникалар менен айыл тургундарынын дыйканчылык ишин толук аткарып жатабыз. Дагы бир өзгөчөлүк, коорперативдин да бирден-бир максаты дыйканчылык ишти алгач социалдык жактан көйгөйү бар үй-бүлөлөрдүкүн биринчи кылабыз», — дейт Бектемир.
Финансылык жардамдан тышкары кооперативдин мүчөлөрү тоюттун сапатын жакшыртуу, атап айтканда силос даярдоо технологиясы, финансылык сабаттуулук, бухгалтердик эсептин негиздери, кооперативди башкаруу жана башка темалар боюнча долбоордун тренингдерине катышышты. Натыйжада, сүт багытындагы уйлар үчүн 200 тонна силосту камдап коюшту.
Кооперативди уюштуруу, мүчөлүккө кабыл алуу, донор издөө, окууларга баруу, өздүк салым кошуу, уйлардын дени сагын кароо, аларды багуу, сүт көлөмүн азайтпоо жана башкаларды жөндөп алган соң, ал ишти жайылтуу менин максатым дейт, Урматбек Акматов. Учурда ийри көлөмдөгү долбоорду утуп алган ишкерлердин арасында республика боюнча сап башында тургандыктан, анын ишине, тажрыйбасына кызыккандар көп жана аны медиа аркылуу тынымсыз бөлүшүп турган учуру.
Урматбек Акматовдун бул ишин баалап, анын техникалык каржаттарынын пайдасы жакшы тийип жатат дейт Орто-Нура айылынын тургуну Марс Абдыразаков. «Кооператив алып келген техникалар жазында Орто-Нура айылында айдап себүү иштерине жакшы катышып, иштин жүрүшүн абдан ылдамдатты. Алгач техникалар келгенде кооператив мүчөлөрүнүн эле кызматын кылат деген айыл ичинде түшүнүк болгон, бирок андай болгон жок, кооператив өзүнүкүн эле эмес элдин да кызматына жарап, баардык ишти аткарышты. Буга чейин айыл ичинде техника жетишсиз болуп, техникаларды сырттан чакырып келчүбүз, кызмат акылары да кымбат болоор эле», — дейт кооперативдин кызматына ыраазы болгон айыл тургуну Марс.
Долбоордун негизинде төмөндөгү техникалар жана сүт багытындагы уйлар алынып келинген. Эске салсак, сумманын көбү сарай курууга кетип жана ар кандай окууларга да акча каражаты жумшалган.
Бурул Майрамбек кызы