Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин тарых кабинетинин ачылышы болуп өттү. Бул кабинетке Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, тарых мугалими Жакыпбек Султановдун ысымы ыйгарылып, иш чарага анын балдары, неберелери келип катышышты.
Тарых мугалими жана тарых кабинетинин жетекчиси Мунара Токторбаева: «Мындан 3 жыл мурун мектептер онлайн форматта окуп жаткан учурда «Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери» темасында слайд жасоо тапшырмасы келген эле. Анда чоң атабыз болобу, таятабыз болобу, айтор, согуштун ардагери болгон инсан тууралуу слайд жасап соц. тармактарга жүктөө керек болчу. Дал ошол учурда таятам Жакыпбек Султанов тууралуу слайд жасап жатып анын өмүр таржымалын, жасаган эмгектерин окуп, таанышып жатып, ысымын мектепке калтыруу идеясы келген. Ошол ой мына бүгүн ишке ашып отурат. Ал эми демөөрчү болуп жаткан инсандар таятабыз Жакыпбек Султановдун уул-кыздары, неберелери, күйөө балдары. Алар ушул кабинеттин ичин жасалгалап, камсыз кылып беришти».
Жакыпбек Султановдун ортончу кызы Бурулча Султанова төмөнкүлөргө токтолду: «Бүгүнкү иш чарага биз бардык туугандарыбыз менен катышып жатабыз. Келинибиз Мунара таятабыздын ысымын ыйгаралы деп сунуш кылганда биз аябай сүйүндүк. Бул биз үчүн сыймык болду. Ошентип кабинетти заманбап болбосо дагы ошого жетээрлик кылып жасап берели деп колдон келишинче жардамыбызды бердик. Мындан ары ушул жерде окуган окуучуларыбыз ыңгайлуу шартта окуп, мыкты билим алуусун каалайм».
Корчубек Акназаров орто мектебинин учурдагы тарых мугалими жана Жакыпбек Султановдун окуучусу Галия Сыдыкова: «Агай мен 5-6-класста окуп жүргөндө байыркы дүйнөнүн тарыхы жана орто кылымдын тарыхы сабагынан берди. Агайдын жөнөкөйлүгү, толеранттуулугу, окуучуларга бирдей мамиле кылганы мага өтө жакчу. Ар бир өткөн сабагын кызыктуу кылып, турмуш менен байланыштырып өтчү эле. Окуп жүргөн мезгилде агайдын өткөн сабактарынын ичинен эң эсимде калганы Италия мамлекети болгон. Себеби ал Италияны «музоолор өлкөсү» деп которулаарын, жана жалпы аймагы бут кийимге окшош экенин айткан эле. Ошол себептүү бул менин эсимде калаарлык сабактардын бири болгон».
Акылай Болотбекова, Кусейин Марат уулу