Ветеринардык кызмат Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (ИФАД) каржылаган «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорунун аткаруучу агенттиктеринин бири. Бул долбоор Нарын районунун Чет-Нура айылында эффективдүү иштеп келет. Ветеринарияга келген ар бир аппараттардын жардамы менен иштер алгылыктуу жүргүзүлүп келет.
Тазабек Мамыров-Айыл чарба министрлигинин алдындагы райондук ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысы. Ал долбоордун келиши менен ветеринардык иштин бир топ жакшырганын жана «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору бодо малдын жана майда малдын бруцеллез ылаңына каршы вакциналар, иттер үчүн куртка каршы препараттар, реагенттер жана лабораториялык шаймандар, жабдуулар жана жаныбарлардын ден соолугун контролдоонун электрондук системаларын киргизүү, жеке ветеринарлардын квалификациясын жогорулатуу жана ветеринарияга тиешелүү мыйзамдык актыларды даярдоого көмөк көрсөткөнүн баса белгилейт.
Ветеринардык кызмат эл аралык донорлордун колдоосу менен 2008 – жылдан бери бруцеллез, 2013-жылдан бери эхинококкоз менен системалуу күрөшүп келет. Комплекстүү иштердин натыйжасында адамдарда бруцеллез инфекциясы он эсе азайган. Эгерде 2011-жылы жаңы инфекциялардын саны 4400 болсо, акыркы жылдары бир жылда 900дөн ашкан жок.
Бруцеллез адамга жаныбарлардан жана термикалык иштетилбеген эт жана сүт азыктарынан жугуучу коркунучтуу оору. Бул инфекция менен системалуу күрөшүүгө чейин бруцеллездун таралышынан миллиондогон доллар зыян келтирилген.
Кыргыз-швейцариялык изилдөөгө ылайык 2006-2011-жылдар аралыгында адамдардын жана жаныбарлардын бруцеллез оорусунан экономикалык чыгым 32 млн АКШ долларына барабар болгон. АКШ долларын, анын ичинен бруцеллез менен ооруган адамдарды дарылоого жана жашоого кеткен чыгымдар 7,4 млн АКШ долларынан ашкан. Үй чарбаларынын ээлеринин эмгекке жарамсыздыгынан улам пайда болгон жоготуулары 9 млн АКШ долларды түзгөн. Ал эми мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүнө 15 млн АКШ доллары зыян келтирилген. Адамдардын бруцеллез оорусунун азайышынын натыйжасында өлкө оорунун кесепеттеринен чоң чыгымдардан кутула алды.
«Ал эми Чет-Нура айылында бруцеллез оорусун алдын алып, ага анализ тапшырып, малынын ден соолугуна кам көрүп, коомчулуктун назарына жаман ой менен түшүунү каалабагандар атайын ветеринарга келип анализ тапшырып турушат. Бул барган сайын көнүмүш адатка айланып бара жатат»,- дейт жеке ветеринар Үсөн Бактыгул уулу.
«Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору ветеринардык лабораторияларга бруцеллез антителолорунун келип чыгышын так таанууга жардам берип, аймактык ветлабораториялардын 40ка жакын кызматкерлерин бруцеллез дифференциалдуу диагностикасына окутуп берген. Буга чейин так эмес анализдер жаныбарлардын ээлери менен ветеринардык кызматтын ортосунда пикир келишпестиктерди жаратышы мүмкүн эле. Андыктан, керектүү товарлар сатылып алынып, лабораторияларга берилген.
Жаныбарлардын бруцеллездон корголгондугун ветеринардык кызмат серологиялык изилдөө жүргүзүү менен лабораториялык негизде тастыктайт. Эгерде жаныбардын канынан антителолор табылса, анда бул организмде бруцеллез козгогучтары бар экендигин жана ылаңдаган жаныбар ооруну адамдарга жуктурушу мүмкүн. Ошол себептен, долбоор ветеринардык кызмат институттарынын гана эмес, жеке ветеринарлардын да потенциалын күчөтүүгө көмөк көрсөткөн. Келишимдик негизде иштеген жеке ветеринарлар атайын ветеринардык иш-чараларды өткөрүшөт.
Долбоор тарабынан уюштурулган жеке ветеринарлар үчүн тренингдерде мамлекеттик заказды аткаруудагы (эмдөө, дегельминтизация, идентификациялоо) жеке ветеринарлардын укуктары жана милдеттери, заманбап ветеринардык препараттар, айыл чарба жаныбарларынын ден соолугун алдын алуу жана көзөмөлдөө, өнөр жайлык кармоо шартында канаттуулардын жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларынын алдын алуу, айыл жерлериндеги ветеринардык иштер жана жеке ветеринарлардын айыл өкмөттөрү, фермердик чарбалар менен кызматташуусу сыяктуу темалар каралган.
Долбоордун алкагында дегельминтизация иши да жогорку деңгээлде жүргүзүлүп турат. Айыл тургундары көпчүлүк учурда иттерин эмдетүүгө үзгүлтүксүз алып келишет. Дегельминтизация процесси жаныбарды курттардан (гельминттерден) арылтуу жана келечекте алардын пайда болушуна жол бербөө максатында жүргүзүлөт. Бул жол-жобосу мышыктар жана иттер үчүн милдеттүү болуп саналат.
Долбоордун дагы бир басым жасап, так аткарып жаткан иштеринин бири малдарды идентификациялоо. “Малды идентификациялоо жөнүндө” КРнын мыйзамы 2014-жылы күчүнө кирген. Анын максаты – өлкөнүн аймагында малды идентификациялоонун бирдиктүү системасын киргизүү. КРнын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын берген маалыматына ылайык, малды идентификациялоо – бул ЕАЭБдин техрегламенттеринин талаптарынын бири, аны сактоо менен гана өлкөдөн биримдикке катышкан мамлекеттерге мал чарбасынын азыктарын экспорттоо мүмкүн болот.
Бодо жана майда малдын жаш төлү туулгандан кийин 14 күн өткөн соң, кулундар 4 айлык курагында идентификацияланат. Малды белгилөө анын түрүнө жараша төмөнкү ыкмалардын бири менен жүргүзүлөт: бирка тагуу (бодо мал, майда мал, чочколор); чип тагуу (идентификациялоонун электрондук түрү (жылкылар); топтук идентификациялык номер берүү (майда мал, чочколор, бакма канаттуулар, аарылар).
Идентификациялоонун пайдасы: мал уурдоо азаят, малды жана мал чарба продукцияларын аткезчилик жол менен ташып келүү жана ташып кетүү маселеси чечилет. Ошондой эле, бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүү, вакцинацияга каралган каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, ЕАЭБге кирген өлкөлөргө эт-сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Өзгөчө коркунучтуу оорулардын таркоо деңгээлин азайтууга өбөлгө түзүлөт. Малдын так эсебин алуу, ал малдын алдын алуу жана ветеринардык иш-чаралары менен камтууну аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Бурул Майрамбек кызы