Ысык-Кѳл облусундагы Жети -Өгүз районуна караштуу Барскоон айылындагы мал доктур Максат Усупбаева 22 жылдан бери бул кесипти аркалап келет. Облус боюнча ветеринария тармагында эмгектенген жалгыз айым. Жергиликтүү айыл кеӊешинин эки чакырылыштын депутаты. Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлыгынын ээси.
Максат Усупбаева тѳрт баланын энеси. Бала кезинен кошуна чоӊ атасынын ветеринарияга тиешелүү китептерин окуп, ага колдонулуучу аспаптарын кармалап жүрүп, кесипке болгон кызыгуусу арткан. Туулган күнү “23-февраль Советтик Армиянын күнү” болгондуктан ысымын дагы Максат деп коюшкан. Бул кесипти тандоодо ата-энеси каршы болгонуна карабастан тандаганын кошумчалады.
Мындан тышкары Максат Усупбаеваны айыл арасында кадыр баркы да жогору экенин айыл тургундары билдирди. Көп жылдык тажрыйбанын аркасында малды тамчылатып тамырга куюу жолу менен тез айыктырып келет. Адамга кандай операциялар жасалса малга дагы ошол сыяктуу операцияларды жасоо ыкмасын жакшы өздөштүрүп келет.
Гүлкайыр Осмоналиева