Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейдеги «Ашпозчу» кесибинин 2-1-П-23 тайпасынын окуучулары «Эртең мененки туура тамактануу үчүн жумуртка жана быштактан тамак жасоо» темасында ачык сабак өткөрүштү. Азыркы учурда иш үстүндөгү көпчүлүк адамдар эртең мененки тамакты четке кагышат, кээ бир ишкерлер бир чыны кофе менен эле чектелишет. Бул жагдайга карата күн сайын эртең менен туура тамактануу үчүн, лицейдин окуучулары пайдалуу тамактарды иштеп чыгарышууда. Туура тамактануу ден-соолугуңузду чыңдап гана койбостон, көрсөткүчтү жакшыртууга да жардам берет. Эртең мененки тамакты үйрөтүүнүн бир нече жөнөкөй жолдору жөнүндө Кореядан келген ыктыярчы Енгми Мун өзүнүн ыкмалары менен бөлүштү.
Кесиптик лицейдеги өндүрүштүк окутуунун мастерлери сабакты бышыктоо максатында Динара Абакова, Айнура Ырыскелдиева, Сезим Алтымыш кызы жумуртка менен быштактардан эртең мененки тамактарды даярдоо боюнча окуучуларга мастер класстарды көргөзүштү.
Корея өлкөсүнөн келген Енгми Мун жумурткадан жана быштактан эртең мененки туура тамактануу темасындагы ачык сабакта өзүнүн ыкмалары менен бөлүштү
Айнура Ырыскелдиева: «Көпчүлүктүн эң чоң көйгөйү — эртең мененки убакыттын жетишсиздиги.
Эгер сиз өз жашооңузду кесиптик ашпозчулук менен байланыштырууну чечкен болсоңуз, анда бул кесиптин татаал жолдорун чечүү үчүн ыңгайлуу эң жөнөкөй жана тез тамактарды жасоодон баштаган оң. Тамак бышыруу жөндөмү — ар дайым колдон келе турган сапаттардын бири. Көпчүлүк адамдар интуитивдик деңгээлде жакшы тамак жасашат, бирок тамак бышыруу технологиясын терең билүү тиешелүү билим менен гана жетишилет. Мисалы силер эң биринчи адамдардын эртең мененки тамактануусуна байкоо жүргүзгүлө. Айрыкча жумушка эрте баруучу адамдарга эртең менен жакшы тамактануу күндүн эң сонун башталышы болот».
«Ашпозчу» кесибинин 2-1-П-23 тайпасынын окуучулары практикалык сабак учурунда
Эгерде эртең мененки тамактанууга убактылары жок болсо, анда жумушка бара жатканда, транспортто же жумушта эртең мененки тамактана турган тамактарды жасап ала кетсе болот. Бул боюнча биз кийинки темада сөз кылабыз.
Турсун Омуралиева