Баетов айыл аймагында төрт ветеринардык жеке менчик сервис иш алып барат. Мамлекет тарабынан чечек, чума өңдүү жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн бөлүнгөн вакциналар менен малдар толук эмделди. Ал эми ири мүйүздүү малдар үчүн бөлүнгөн 4миң вакцинанын 1600 дозасы колдонулуп бүттү. Калган вакцина менен бруцеллезго кан алуу башталган учурда эмделет.
Баетов айыл аймагынын ветеринария бөлүм башчысы Темирбек Сатыналиевдин маалыматына караганда биринчи кварталга карата дагы 284 итке жана 96 мышыкка эхинококкоз, альвекоккоз оорусуна каршы дары берилип, кутурмага каршы ийне сайылды. Мындан сырткары 154 жылкыга чип басылып, базага киргизилди. Ал эми жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 30 миң сом каражатка 307 баш жолбун ит атылган.
Ал эми Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков малды эмдөөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлөөрүн билдирди.
“Жеке ветеринардык сервистердин ишин уюштурууга гана жардам бере алабыз. Аны дагы айыл өкмөттүн ветеринардык кызматкери ишке ашырат. Ал эми малдарды вакцинациядан өткөрүүдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мал ээлерине ветеринардык адистер акы албай эле вакцинация жасап берип жүрүшөт. Айыл өкмөттүн аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көңүл сыртында калбайт” дейт.
Баетов айыл аймагында ветеринардык адистер жетишсиздигине байланыштуу мал ээлерин комплекстүү тейлөө максатында ветеринардык сервис ачылган. Ал жерде малды дарылатуу, жүн кырктыруу үчүн кызматтар иш алып барып жаткан. Бирок учурда ал сервис иштебейт.
Айыл өкмөт башчысы Талант Турусбековдун маалыматына таянсак жаңы ветеринардык сервис ачылганда мал ээлери барып, ветеринардык адистердин кызматынан пайдаланып жатышкан. Бирок, кийинчерээк жарандар ветеринардык адистерди үйлөрүнө чакырып, ийне сайдырып, дарылатып жатышат. Учурда малдарды жайлоого айдоо алдында гана сервиске чогултуп, ошол жерден дарылап кетиришет. Болбосо сервис жабык.
“Баетов айыл аймагында эпизоотологиялык абал тынч. Эч кандай жугуштуу оорулар жок. Абалды ушундай кармап туруш үчүн мал ээлерине вакциналарды убагында алып туруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп келет. Мал ээлери вакцинаны саюу кызмат акысын төлөөдөн качканы менен мал ооруп калса, андан дагы көбүрөөк чыгымга учурайт. Ошол себептүү бекер келген вакциналарды убагында сайдырып, кам көрүү керек” дейт Темирбек Сатыналиев.
Барчын Мамытбекова