Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар болуп өттү. Ага айыл тургундары катышып, фейк маалымат жана аны аныктоо, сынчыл ой жүгүртүү жана шайлоо өнөктүгүндөгү жалган маалыматтардын кесепетин талкуулашты.
Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Көнөк жамааттык мультимедиа борбору ишке ашырды.
Семинардын катышуучулары социалдык медиадагы жалган маалымат жана аларды аныктоо жолдорун үйрөнүштү. Ошондой эле, шайлоо учурунда фейк маалыматтардын коомдук турмушка тийгизген таасири жана кабыл алынган Баш мыйзамдын жаңы редакциясы тууралуу маалымат алышты.
Аталган семинардын айрым катышуучулары фейк маалымат тууралуу өз ойлору менен төмөндөгүчө бөлүштү:
Элеонора Дыйканбаева: “Адам баласы ишене берет экенбиз. Кандай маалымат көрбөйлү, ушул чын турбайбы деп ишенебиз. Көрсө, ишене бербеш керек экен. Эми фейк маалыматтардын жашообузга тийгизген таасири арбын. Алар айрыкча социалдык медиадан активдүү тарап жатпайбы”.
Адинай Камчыбекова: “Интернетте жалган маалыматтар көбөйүп кетти. Өзүм дагы фейкке ишенип алган учурум болгон. Бара-бара маалыматты айырмалоону билип калдым. Азыр фейк маалыматтарга убактымды коротпойм”.
Наргиза Молдомамбетова: “Айрым сайттар чыныгы сүрөттөрдү алып алып, андан жалган маалыматтарды жасап, таратып жатат. Фейктин курмандыгы болгон учурум болгон. WhatsAppга келген билдирүүгө ишенип, ичине кирсем пайдалуу деле эч нерсе жок экен”.
Жылдыз Жайнакова: “Фейк маалыматтар абдан көп тарап жатат. Инстаграм, WhatsAppдан көп жалган маалыматтар келет. Аларды бөлүшүп коюңуз десе эле, бөлүшө беребиз. Анан тараган сайын, биздин интернет дүйнөбүздө бир гана жалган маалыматтар алдыңкы бетке чыгып жатат. Ошондуктан, ар бир адам өзүн-өзү тыйып, жалган маалыматтан оолак болушу кажет. Ачык, айкын иш алып барган маалымат булактарынан окуп, билсе болот”.
Сумбула: Айылдын көйгөйүн жергиликтүү кеңеш чече алабы?
Касиет Кубанычбек кызы