Ак-Талаа районунда жаш ойлоп табуучулар арасында «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык сынагынын райондук түрү өткөрүлүп, анда алдыңкы орундардын жеңип алган окуучулар, облустук турга жолдомо алышты.
Балдар билим борборунун директору Айнура Баязованын айтымында сынакка райондун аймагындагы орто мектептердин окуучулары катышып, анда жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер, приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар, энергия жана энергияны сарамжалдоочу технологиялар, робототехника жана автоматташтырылган технологиялар, дубал моделдери багыттары боюнча жасаган эмгектер сынакка коюлган.
Жыйынтыгында жаш курагы боюнча ар бир номинациялардын жеңүүчүлөрү облустук турга катышып, байгелүү кайтышты.
Мээрим Тентиева