Каргалык жана Сары-Булуң айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Зууракан Акунова дайындалды. Ал буга чейин Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн катчысы болуп иштеп келген.
Тогуз-Торо районунда аймактык ирилештирүүдөн кийин Атай, Каргалык, Тогуз-Торо айыл аймактары түзүлүп, айыл өкмөт башчылары дайындалды.
Көк-Ирим жана Атай айыл биригип, Атай айыл аймагынын башчысы Аскербек Жаңыбаев жана Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев дайындалды.
Анара Мааметова