Дөбөлү айыл өкмөтүндө 2- апрель — Эл аралык балдар китептеринин күнүнө карата театралдаштырылган иш чара өткөрүлдү.
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылдык Чыңгыз Айтматов китепканасы, Дөбөлү айылдык маданият үйү жана Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин китепканасы биргелешип, Таалайбекова Айпери, мектеп окуучуларынын катышуусунда «Тамсилдер дүйнөсүнө саякат»аттуу театралдаштырылган иш чара өтүштү.
Иш чаранын соңунда
2-апрель — Эл аралык балдар китептеринин күнү. Бул күндү белгилөө жөрөлгөсү балдар адабияты боюнча эл аралык кеңештин 1967-жылдын 2-апрель күнкү чечимине ылайык жасалып келет. Эл аралык кеңеш балдар адабиятынын белгиленүү саамалыгын Ханс Христиан Андерсендин туулган күнүнүн урматына ыроологон.
Китептер көргөзмөсү
Иш чарада окуучулар көркөм окуп, тамсилдерди айтышты. «Мактанчаак корооз» тамсилине куурчак театрын коюшуп, кыргыз бийин бийлеп, ырларды ырдашты.
8-классынын окуучусу Адылбекова Аделя «Таш бака» тамсили
9-классынын окуучусу Кожобаева Жибек «Карышкыр мененТүлкү» тамсили
Эрмекова Аэлита 9-классынын окуучусу
9-классынын окуучусу Конокбаев Нурбек
2-классынын окуучулары Эрмеков Алинур жана Турдалиева Айдина «Кумурска менен ийнелик» тамсили.
Ошондой эле класстар арасында тамсилдерге карата сүрөт сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
Сүрөт тартуу сыновы
Индира Мөндүрбаева