Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында буга чейин спорт зал жок болгон. Беш жылдан бери салынып жаткан жаңы спорт залдын курулушу октябрь айында аяктап, колдонууга берилгени турат.
№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директордун милдетин аткарган Жылдыз Молдобаева спорт зал бардык талаптарга ылайык курулуп жатканын белгилеп, бүткөн соң баардык спорттук жабдуулар кошо келээрин кошумчалады. Мурда спорт зал жоктугуна байланыштуу окуучулар эшикте аянтчада волейбол, баскетбол оюндарын ойношкон. Эми спорт зал пайдаланууга берилсе, дене — тарбия сабагы залда өткөрүлөт.
Спорт зал республикалык бюджет тарабынан каржыланды. Жалал-Абадда жайгашкан «Строитель» ЖЧКсы тендердин негизинде утуп, курулуш иштерин баштаган. Бюджеттен спорт залдын курулуш иштерине 53 млн 700 миң сом каралган. Спорт зал 250 балага ылайыкташып салынууда.
Аталган мектептин дене-тарбия сабагынын мугалими Данияр Бердибеков спорт залдын болгону балдарды спортко шыктандыраарын билдирди. “Спорт зал бул окуучулардын кыялдарын ишке ашырууга шарт түзүп берет. Башка окуучулар менен тең тайлашып ойноого, башка жактарга чыгып жыйынтык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Спорт зал бүткөндөн кийин волейбол, баскетбол, тогуз коргоол деген оюндар өтүлөт жана кружокторду да уюштурабыз, окуучуларды жакшы жыйынтык көрсөтүшүнө аракет кылабыз», — дейт Данияр Бердибеков.
Айгүл Имамаметова, Альбина Назарматова