Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң аймагындагы Булуң участкасы таза суу менен камсыз болушту. Буга чейин арыктан суу ичишкен элеттиктер эми таза сууну үйлөрүнө киргизип жатышат.
Тогуз Торо районунун Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев буга чейин суу көйгөйүн чечүү үчүн бир катар долбоорлор ишке ашканын айтып, бул жолу Катар, Кувейт өлкөлөрүнүн “Ассалам” кайрымдуулук фондусу таза сууну киргизүү боюнча иштерди каржалып, айыл эли таза суу менен камсыз болушканын билдирди. “Булуң участкасына 1900 метр түтүктөрүн каржылап беришти. 1900 метр жерди каздырып берүү үчүн «Казарман» коомдук фондуна кайрылып акимибиз каздырып, түтүктөрдү жаткарыпы жана үстүн жапканга кеткен каражатты чечип берди. Эми Булуңдун жашоочулары толук кандуу таза суу менен камсыз болду”, — деп билдирди Марлис Олжотоев.
Булуң аймагынын жашоочусу Керимбубу Садыралиева мурда таза сууну коңшу айылдан же арыктан ташып ичип келишкенин айтат. “Бул айылда бала кезимен бери жашайм, 62 жыл болду. Таза суудан аябай эле кыйналдык. Буга чейин жеке демилге менен коңшубуз Чотуров Бегимбай өз күчү, өз каражаты менен элге суу чыгарып берген. Үч жылдан бери, ошол сууну пайдаланып келебиз. Бул суу келди бирок толук кандуу үйгө киргизе элекбиз. Мурункуга караганда кыйла жакшы», -дейт Керимбүбү Садыралиева.
Долбоордун каржылоосунда ар бир тургундун короосуна чейин суу жетти. Ал эми өз короосуна жашоочулар өз каражаты менен киргизип алышы керек. Бул иштерди уюштурууда жаштар арасынан чыккан активист Нурболот Тойчубек уулу колго алган.
“Элдин түйшүгүн моюнга алуу оор деле эмес. Өзүмдүн көңүлүм менен бул ишти алдым. Тоскоолдуктар албетте болду, жол менен казганга уруксат бербей коюп, кээ бир жерлерди кол менен казганга туура келди. Элдин колдоосу жакшы болуп жатты, элдин күчү менен иш бүттү», — дейт Нурболот Тойчубек уулу.
Азыркы учурда Сары-Булуң айыл өкмөтү боюнча 80 пайыз эл таза суу менен камсыз болду.
Дилбар Сейитбекова, Бактыгүл Турдукожоева