Улуттук стат комитеттин маалыматына ылайык жылдын башында Кыргызстанга 500 миңден ашык смартфон импорттолгон. Алардын жарымы кайра башка өлкөлөргө экспорттолуп, калганы өлкө ичинде колдонулат. Ал эми Талас шаарынын тургуну 39 жаштагы Кайыргүл Ботикова дал ушул гаджеттерди оңдоп эмгектенет. Анын смартфонго болгон кызыгуусу, телефон жарылып кетип, кашы күйүп калгандан кийин пайда болгон.
“Үй-бүлөм менен айылда турабыз. Жолдошум темир ширетүүчү болуп иштейт, үч балабыз бар. Мектепти бүтүп эле турмушка чыккам. Ал кезде тиш доктур болсом деп кыялданчумун, анткенр ал учурда ошол кесип популярдуу эле”, — дейт Кайыргүл.
Турмуш кургандан кийин Кайыргүл 14 жыл декреттик өргүүдө болгон. Андан соң Орусияга барып, дүкөнчү болуп иштеп келген. Кийинчирээк өзүнүн инисинин смартфон оңдоп-сатуу дүкөнүнө жумушка кирген.
“Бул жерде эмгектенип жатканыма 6 жыл болуп калды. Башында аябай кызыгуу бар болчу. Иним оңдоп жатканда карап тура берчүмүн. Ичинде эмне бар, кандай жайгашкан. Ошол учурда Самсунг J1 деген телефондор көп колдонулган. Ошондуктан эң биринчи ошолордун капкактарын, экрандарын ачканды үйрөнгөм”, — деп эстейт Кайыргүл.
Телефондорду оңдоо алдында алгач алардын маркасын, аталыштарын жаттоо зарыл жана ал үчүн Кайыргүлдүн 2 ай убактысы кеткенин белгилеп кетти. “Кардар келгенде бат эле анын телефонун карай калып, ал кайсы маркада жана ага кандай тетиктер керек экенин дароо айтуу керек. Бүгүнкү күндө телефондордун 100 дөн ашык түрү бар. Анын баарын жатка билем”, — дейт Кайыргүл.
Ал смартфон оңдогонду 3 айда өздөштүрүп алган. Башында өз алдынча иштегенден кооптонуп жүргөн. Бирок иниси 4 айга дааватка кетип калып, айласыздан өз алдынча иштөөгө туура келген. Ошол убакыттан бери Кайыргүл экран алмаштырганды, микросхемаларды, зарядканын гнездосун оңдогонду, плата, микросхема алмаштырганды мыкты өздөштүрүп, өз алдынча жасап жүрдү.
Жалпысынан ремонтчу айым жумушу жеңил, өзүнө жагаарын белгилеп, бирок ошону менен катар бул жумуштун кыйынчылыктары да бар экендигин белгилейт. “Биз эл менен иштегендиктен, алар ар кандай болот. Кээ бирөөлөрү ыраазы болуп кетишет. Бирок техникага кепилдик бере албайбыз, жаңы эле иштеп туруп үйүнө барганда күйүп кетиши мүмкүн. Сен начар жасадың деп, кайра алып келет, анан өз чөнтөгүңөн оңдогонго туура келет”.
Мындай окуялар Кайыргүл жаңы иштеп жүргөндө көп кездешкен. “Көп учурда батарейкалары көөп кеткен телефондорду алып келишчү. Бир жолу айфон 7 алып келишти (ошол учурдун жаңы телефону), анын батарейкасын ачыш үчүн ысытыш керек. Аны аппараттын үстүнө коюп, башка кардарга алаксып кетиптирмин. Ал жарылып кетти. Өз чөнтөгүмдөн кайра экранын, жаңы батарейкасын жасап бергем. Кудай жалгап иштеп кетти”, — деп ал күндөрүн жылмаюу менен эстейт.
Смартфондор атайын аппараттын үстүндө эмес оңдоп жаткан адамдын колунда да жарылып кетиши мүмкүн. Дал ошондой окуя каарманыбыз менен да болгон. Анын көз алдында алмаштырайын деп алган батарейка жарылып кеткен. Жыйынтыгында каштары, кирпиктери күйүп кеткен. Мындай учурларын үйгө айтып барбастыгын Кайыргүл айтат, анткени жумуш менен үйдү озүнчө бөлүп карайт.
Бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөн Кайыргүлдүн алдына койгон максаттарынын бири өз алдынча смартфон оңдоочу жай ачуу. Анткени азыркы учурда иниси менен чогуу иштейт. Жайында уулун жанына алып жүрүп, смартфон оңдогонду ага дагы үйрөтүп койгон. Уулу эки жылдан кийин мектепти аяктаса чогуу иштейбиз деп сүйлөшүп алышкан. Кайыргүлдүн эжесинин кызы дагы бул тармакка кызыккандыктан, аны менен дагы чогуу иштешээрин айтат.
Кайыргүлдүн жумушунун эң оор жери бул кардарлар менен сүйлөшүү. Анын айтымында эл менен сылык, туура баарлашсаң алар дайыма кайра сени издеп келет. Смартфонуңуз бузулуп калбаш үчүн же узак убакыт бою сизге кызмат кылыш үчүн кубаттоону туура жасоо керек. Маселен, түнү менен кубаттагычта калтырбай, жок калганда кубаттап, толгон учурда алуу сыяктуу эрежелерди сактоо зарыл.