Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин алдында “Мээримдүү тыйын” аталышында акция болуп өттү. Иш чаранын уюштуруучусу “Элим барсыңбы?!” кайрымдулук фондунун Таластагы жетекчиси Мирлан Ажыкуловдун айтымында мындай акция бир жылда май жана октябрь айларында 2 жолу уюштурулат. Акциянын башкы максаты операцияга муктаж болгон инсандарга жардам берүү. Андан тышкары жаш бөбөктөрдү кичинекей кезинен кайрымдуу, боорукер кылып тарбиялоого үгүт берүү.
Муктаж адамдарга керектүү каражат топтоо үчүн буга чейин кичинекей балдарга жана студенттерге атайын садака кутучалары таркатылган. Алар кийинки акцияга чейин кутучаларга акча чогултуп келиши керек. Бул акция көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калганын Ажыкулов белгилеп кетти.
“Иш чара Кыргызстан боюнча өткөрүлүп 2021 жылдан бери 100 дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калган, ал эми Таластан биз 12 адамга жардам бере алдык”,- деп сөзүн жыйынтыктады.
Айгүл Сакеева