18-октябрь күнү Талас шаарындагы Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектебинде “Чет өлкөдө ишкерлик кылган Самара 800 адамды үйлүү кылды” аталышында презентация өткөрүлдү. Ага 8-11 класстын окуучулары катышты. Презентация Талас шаарындагы Талас ФМ жаматтык радиосу тарабынан уюштурулду.
Талас ФМ радиосунун жетекчиси, презентациянын алып баруучусу Айгуль Сакеева алгач катышуучлардан чет өлкөдө эмгек миграциясында жүргөн туугандары бар экендигин сурап, билип алды.
Көпчүлүк окуучулардын туугандары кондитер, такси жана башка тейлөө кызматкерлери экендиги анык болду. Башка өлкөдөгү кыргыз мекендештер ишкерлик менен алектене алабы деген суроого көпчүлүк окуучулар мүмкүн, бирок андай адамдар аз же болбосо өзгөчө билим керек деген жоопторду айтышты.
Айгуль Сакеева жоопторду алгандан кийин Кыргызстандын кичинекей айылынан Орусияга барып өзүнүн жеке агенттигин ачкан Самара Нарматова тууралуу презентация көрсөтүп берди. Ишкер айым чет өлкөдө көп жыл тейлөө кызматында иштеп, кийин өзүнүн ишин баштап бүгүнкү күндө 14 кызматкерди жумуш менен камсыз кылып, 800 дөн ашык адамды үйлүү болгонго жардам берген.
Самара Нарматованын окуясы окуучуларга мотивация берип, келечекте алар дагы ишкердик кылып башка адамдарга жардам берээрин айтышты. Андан тышкары окуучулар ишкерлик менен кайсы өлкөдө болбосун ишкерлик кылууга мүмкүн экенин, ал үчүн билим, өзүн өзү өстүрүү жана тынымсыз эмгек керек экенин билгендери боюнча дагы ой бөлүшүштү.
Айгуль Сакеева