Ноокаттан чыккан таанымал инсан Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата окуучулар үчүн тарых музейине экскурсия уюштурулду.
Насирдин Исановдун кийимдери
Насирдин Исановдун эстелиги
Ноокат райондук тарыхый музейинде Н. Исановдун бурчу уюшулган. Бул бурч Н. Исановдун 70 жылдыгында уюшулуп, жубайы жана анын балдары Н. Исановдун кийимдерин, буюмдарын, балалык чактагы сүрөттөрүн жана портфелдерин алып келип беришкен. Музейде башка таанымал инсандардын бурчтары да бар. Мисалы, жазуучу Кара-Таш айыл өкмөтүнөн чыккан Камчы Жунусовдун жана Төрөбай Кулатовдун бурчтары да бар. «Бул иш чараны уюштурганыбыздын негизги максаты Н. Исановду облустарга жана республикага таанытуу болуп эсептелет. Бул иш чараларды биз тынымсыз ай сайын уюштуруп турабыз»,- деп билдирди музейдеги буюмдардын байкоочусу Зарипа Мамытова.
Зарипа Мамытова
Насирдин Исановдун сүрөттөрү
Жумагүл Көчкөнбаева