Чүй облустук мектеп-гимназиясы зээндүү жана акылдуу балдардын гимназиясы. Чүй облустук мектеп-гимназиясы гимназия катары 1998-жылы 5-февралда расмий түрдө кабыл алынган. Бирок 1962-жылы имараты салынган. 1998-жылга чейин бир нече статуска (лицей, чабандардын балдарынын мектеби) ээ болгон.
Чүй облустук мектеп-гимназиясы(окуу-жайы)
Гимназиянын имараты эки бөлүктөн турат:
1) Мектеп (окуу-жайы). Мектеп 2 кабаттан турат. Жалпысынан 12 окуу бөлмөсү, спорт зал жана музейи бар. Ар бир сабак үчүн ылайыктуу класстар бар.
2) Жатакана. Гимназиянын дагы бир өзгөчөлүгү алыстан келгендерге жатып окууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Жатакана 3 кабаттан турат, 32 бөлмө, ашкана, 2 медициналык пункт жана 3 ийрим бөлмөлөрү бар.
Жалпы 2022-2023-окуу жылында 20дан ашуун мугалим, 8 тарбиячы жана 150гө жакын окуучу окуйт.
Бул гимназиянын дагы бир өзгөчөлүктөрү 25тен ашуун ийрим бар. Алардын баары акысыз жүргүзүлөт.
Мектеп ичиндеги музей
Каныбек кызы Бурул, Качыкеев Кабай, Дакенов Бекбол