2022-2023-окуу жылынын башталышында Чүй облустук мектеп-гимназиясында жаңы IT ийриминин кабинети ачылды. Кабинеттин ачылышына Чүй облустук мектеп-гимназиясынын мүдүрү жана бүтүрүүчүлɵр эмгек кылышты. Мектеп мүдүрү бүтүрүүчүлɵргɵ IT кабинетин ачууну колдоп берүү сунушу менен кайрылган, кайрылууга бүтүрүүчүлɵр макул болуп, каржылап беришти.
Ийримдин окутуу иштери ноябрь айында башталат. IT ийримин жетектеген мугалими Чуй облустук мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү. Бул ийримдин ачылышы 11-класстын окучуулары үчүн ЖРТга даярданууга чон мүмкүнчүлүк түзүлдү.
IT ийриминин катышуучулары
Ийримдин мугалими Адиль Акматбеков: Негизи ийримдин максаты балдарды жогорку окуу жайга даярдоо. Ошол себептен 9-11-класстардын окучуулары катыша алат. Кружоктун программасынан окуучулар сайт жана тиркемелер менен иштегенди, презентацияларды даярдаганды үйрɵнɵ алышат.
IT ийрими ɵтүлүүчү кабинет
Назгул Курманбекова, Анара Шакирова, Альбина Кадырбекова