1-ноябрдан тарта Талас шаарында жылуулук берүү мезгили башталат. Бул тууралуу «Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалынын жетекчиси Ильясбек Алибеков маалымдады.
Анын айтымы боюнча жылуулук берүү тууралуу буйрукка 31-октябрда мэрия тарабынан кол коюлуп, турак жайлар, бала бакчаларга жылуулук бериле баштады.
Мектептерде каникул болуп жаткандыктан, жылуулук 9- ноябрда, окуу процесси баталгандан кийин берилет.