25-октябрда 9-класстардын арасында коомдук ишмер, социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдык маарекесине карата көңүлдүү старт мелдеши болуп өттү.
Бул мелдешке Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин окуучулары катышты. Мелдеште жеке эле спорттук оюндар көрсөтүлбөстөн, кол өнөрчүлүк, музыка жана сүрөт боюнча ар түрдүү оюдар болду. Көңүлдү старт мелдеши 9-класстардын арасында, ал эми кол өнөрчүлүк боюнча 6-класстардын арасында болду. 7-8-класстын окуучулары сүрөт жана музыка сабактарынан өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Көңүлдү старт мелдеши 8 этаптан туруп, ар бир этаптан кийин мугалимдерден турган калыстар тобу өз упайларын берип, баалап жатышты.
Калыстар тобу
Ар бир эки оюндан кийин музыкалык тыныгуу болуп жатты.
Корчубек Акназаров орто мектебинин бийчилер тобу
Мелдештин жыйынтыгында Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 9б-классынын окуучулары жеңишке жетишип грамота жана кубок менен сыйланышты. Алардын кубанычында чек жок.
Жеңишке ээ болгон 9б-классынын окуучулары
Ушундай кызыктуу мелдешти уюштурган дене тарбия мугалимдери Жолдош Кусейинов, Кубан Абдиев, кол эмгек мугалими Венера Акылова жана сүрөт мугалими Асан Боогачиевдин эмгектери зор.
Дене тарбия мугалими Жолдош Кусейинов
Венера Акылова мелдеш учурунда
Асан Боогачиев иш үстүндө
Гүлира Сатарова, Асема Сүйүндүкова