Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров орто мектебинде Америкалык Математикалык Олимпиадасынын (АМО) биринчи туру болуп өттү. Сынак 25 тесттик суроодон туруп, ага 90 мүнөт берилди. Жеңүүчүлөр Сингапурда өтө турган, олимпиаданын 2-туруна жолдомо алышат.
Англис тили мугалими Акунова Айжан:
«Мен ушул эл аралык, республикалык жана дүйнөлүк олимпиадалардын куратору болом. Бул олимпиадага 27 мамлекет катышкан. Мектепте олимпиаданын биринчи туру аябай жакшы деңгээлде өттү, анткени мугалимдер окуучуларды бир ай мурун эле даярдап башташкан. 90 минутада 25 суроо берилди. 10 суроо тест, 5 суроо ачык, 10 суроо логика түрүндө берилди. Балдардын кызыгуулары аябай жогору болду. Эгерде бала олимпиадаларга көп катышса аң сезими өсөт, коркуу сезими жоголот, логикасы жакшырат жана башка көптөгөн жакшы жактарга оңолот.
Мында 1-тур алтын, күмүш, коло медаль менен бааланат. Жеңүүчүлөр Сингапурга жолдомо алышат. 2-тур июль айында өтөт. Сингапурда балдар Кыргызстандын атынан чыгышат жана кайра алтын, күмүш, коло медалга күрөшүшөт. Эгер ушул турдан 11-класстын окуучусу утса Америкага бекер окууга жолдомо алат. Ушул олимпиада менен эле чектелбестен «STEAM республикалык» олимпиадасы бир нече предметтер менен болуп жатат. 1-турдан өтүп алтын алгандар, 2-турга катышат, 2-турдан алтын алгандар Турцияга жана Ысык-Көлгө жолдомо алышат, даярдаган мугалимдер дагы ошондой сыйлыктарга ээ болушат. Орун албаган балдар дагы сертификат менен сыйланышат. Негизи эле эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга катышыш үчүн балдардын өздөрүнүн каалоосу болуш керек. Менин оюмча өздөрүнө толук ишенимдүү балдар гана катыша алышат.»
Сынак учурунда
Гулира Сатарова, Айчүрөк Сапаркулова