Таласта экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында форум өттү. Форум “Өлкөнүн келечеги биздин колубузда, кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок” аталыштагы жөө жүрүш менен башталды.
Талас шаарынын активдүү жаштары Бердике Баатыр аллеясынан баштап Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театры көздөй “Экстремизмге жол жок” деген ураан менен жөө барышты.
Андан соң Капар Медетбеков атындагы облустук театрында чогулган эл менен форум уюштурулда. Анда атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлүп, Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Азенбек Козукеев сөз сүйлөп ачты.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев экстремизм менен күрөшүүдөгү багыттар, алардын бүгункү күндөгү шарттары тууралуу маалымат берди. Азыркы коомдо экстремизмди болтурбоо үчүн диний кызматкерлер жана коомчулук менен бирдикте иш алып баруу керектигин белгиледи.
Андан тышкары Талас ОИИБдин кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуп, коомдук коопсуздукту сактоодо жана диний экстремизмге каршы күрөшүүдө кошкон зор салымдары үчүн бир катар адамдар сыйланышты.
Талас облусунун казысы Узеналиев Сулумбек ажы, орун басары Абдысамат уулу Омурзак, Талас облусунун казыятынын үгүт насаат бөлүмүнөн Кадыралиев Замирбек, Талас облусунун казынын жардамчысы Мамазалиев Нуржан жана райондун имамдары башкармалыктын “Ардак грамотасы” салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Форумдун соңунда резолюция кабыл алынып, катышуучуларга тааныштырылды.
Маалымат Талас ОИИБдин Басма сөз кызматы тарабынан берилди