20-октябрда Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде «Ислам-тынчтыктын, ынтымактын жарчысы» деген темада тренинг өткөрүлдү. Ага Кочкор райондук администрациясынын башчысынын орун басары, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдын имамы, ата-энелер, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.
Тренингдин максаты мектеп окуучуларына терроризм, экстремизм жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле анын кесепеттерин алдын алуу болуп эсептелет.
Аэлита Сейдакматова, Асел Эркинбек кызы