Экстремизм деген эмне жана эмне үчүн коркунучтуу?
Экстремизм – бул адамдын же топтун ашкере, тең салмаксыз көз карашы, башкача айтканда “менин жолум гана туура, калганынын баары жаңылыш” деген ой. Мындай көз карашка ээ болгон адамдар өз оюн тынчтык жолу менен эмес, зордук-зомбулук, коркутуу, мыйзам бузуу аркылуу таңуулоого аракет кылышат.
Экстремизмдин себептери
• Билимдин жетишсиздиги. Маалыматты туура эмес кабыл алуу.
• Социалдык көйгөйлөр. Жумушсуздук, жакырчылык.
• Өзүн жалгыз сезүү. Жаштар “менин үнүмдү эч ким укпайт” деп ойлошу мүмкүн.
• Интернеттеги жалган маалыматтар. Айрым сайттар жана социалдык тармактар экстремисттик чакырыктарды таратышат.
Экстремизмдин кесепети
• Коомдо жик жана кастык пайда болот.
• Жаштар туура эмес жолго түшүп кетиши мүмкүн.
• Тынчтык жана коопсуздук бузулат.
• Экономикага да зыян: туруксуздук инвесторлорду жана жумуш орундарын азайтат.
Кантип сактанабыз?
1. Балдарды жана жаштарды маалыматты сын көз менен кароого үйрөтүү.
2. Досторду, жакындарды колдоо, жалгыз калтырбоо.
3. Ар кандай пикирлерди угууга жана сабырдуулук менен мамиле кылууга үйрөнүү.
4. Интернеттеги шектүү билдирүүлөргө ишенбөө жана аларды тиешелүү органдарга кабарлоо.
5. Жамаатта, мектепте, үйдө тынчтыкты жана бири-бирине сый-урматты жайылтуу.
Радикализм деген эмне жана аны кантип алдын алабыз?
Радикализм – бул маселени өтө катуу, чектен чыккан жолдор менен чечүүгө аракет кылуу. Радикалдык көз караштагы адамдар “мен гана туурам, башкалар жаңылыш” деп эсептешет жана бул пикирди күч менен таңуулагысы келет.
Радикализмдин белгилери
• Чектен чыккан көз караш. Башка пикирлерди такыр кабыл албоо.
• Зордук-зомбулукту актоо. Максатка жетүү үчүн күч колдонуу туура деп эсептөө.
• Жаштарды азгыруу. Интернет же достук чөйрө аркылуу жалган убада берүү.
Радикализм эмнеге алып келет?
• Үй-бүлөлөрдө жана коомдо түшүнбөстүк, жик чыгат.
• Коомдук тынчтык бузулат, чатактар көбөйөт.
• Жаштар өз келечегин жок кылып, мыйзам бузууга аралашып кетет.
• Мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоол болот.
Алдын алуу жолдору
• Жаштарды билимге, маданиятка, спортко жана пайдалуу иш-чараларга тартуу.
• Коомдук диалогду күчөтүү: ар ким өз оюн эркин айтууга мүмкүнчүлүк алышы керек.
• Үй-бүлөдө ачык сүйлөшүү жана бири-бирине колдоо көрсөтүү.
• Сабырдуулукту, сый-урматты, ар түрдүү пикирди кабыл алуу маданиятын жайылтуу.
• Диний же саясий маселелерди талкуулаганда мыйзамга жана тынчтыкка баш ийүү.
Назира Жусупова