Токтогул районунун Чоң-Арык айылында ички жолдор ондолууда. Айыл тургундарынын салымы менен ички жолдорго кум, шагыл төгүлүп, таштандыларды тазалап, бак-дарактар кыйылып, көчөлөр кеңейтилип, чакан көпүрөлөр салынып жатат.
“Мен айыл башчы болуп иштегениме аз эле убакыт болду. Биринчи эле жумушумду айыл ичинин тазалыгынан баштадым. Айыл тургундары менен биргеликте ар бир көчөнүн ичин тазалап, таштандыларды чыгарып, жараксыз бак-дарактарды кыйып, кум, шагылдарды түшүрдүк. Жергиликтүү жамаат жана айыл эли тарабынан, акча каражаты чогултулуп күйүүчү май алынып, отуз ховадан ашык кум шагыл төгүлүп, өкмөт тарабынан техникалык жардам берилди. Азыр Акыш жана Кубаныч көчөлөрүнө 6-7 метр түтүктөр койулду, ал түтүктөр жараксыз абалга келип калгандыктан жаңыларын алууга туура келди. Каржылоо жагын айыл тургундары колго алып, өз күчтөрү менен чогултушту. Мен билгенден Кубаныч көчөсүнө, кеминде 30-жылдан ашык убакыттан бери жаңы түтүктөр коюлган эмес”, — деп билдирди айыл башчы Алтынбек Болотов.
Чоң-Арык айылынын айыл тургундары алгылыктуу иштерди, өз күчтөрү менен ишке ашырып жатышат. Ар бир көчө тазаланып, арыктар казылып, линиялар тартылып, опора столбалар койулуп жатат.
Азема Кудуева, Аделя Бакытбекова