Токтогул районунун Чоң-Арык айылында ички жолдор ондолууда. Айыл тургундарынын салымы менен ички жолдорго кум, шагыл төгүлүп, таштандыларды тазалап, бак-дарактар кыйылып, көчөлөр кеңейтилип, чакан көпүрөлөр салынып жатат.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында Сары-Булак каналын тазалоо иштери жүрүп жатат. Сары-Булак каналын тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн “Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери, атайын бөлүнгөн техника менен иш алып барып жатышат.